Чакырык

0 324
Бектуруш Салгамани

Чакырык


Отуз жылдап түшпөй өсүш жолуна,
өлкө мүлкү кетип жаттын колуна,
өлөсөлүү алга апкелген арамдар,
-Биз бийлейбиз!- деп чыкты бул жолу да.
 
Арбып тынбай чет элдерге карызың,
ал арамдар уурдайт, койбойт анысын.
Кыргызстан итке минди, бул деген –
кыргыз, сенин – мажестигиң айыбың!
 
Отуз жылдап сатылды жер, кен, суу, шаар,
отуз жылдап дагы ушулар жеп, жутар.
Колдон келсе - Кармап  алып  чыныртып,
Кудайды  да сатып ийсек!-дейт булар.
 
“Көсөм” болуп жети атасы кулдарың,
келүүдө өлүп четтен уул-кыздарың.
Доңуздар-ток, арстандарың ач калып,
душмандарга тепселүүдө гүл,багың.
 
Каргаларга кор болушуп булбулдар,
качангача талайт тойбос кузгундар?!.
Кетсек минтип Кыргызстан дүйнөнүн
картасынан өчүп калчу бир күн бар...
 
Кааласаңар эл, жер эсен турганды,
бааласаңар тартип, чындык, жыргалды,
коркконуңар арам, убал, Кудайдан,
колдогула “Бүтүн Кыргызстанды”.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почта дареги жарыяланбайт.