“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Мадумаров Адахан Кимсанбаевич

1 197

1965-жылдын 9-мартында Ош областынын Өзгөн районунун Куршаб айылында төрөлгөн.

1982-ж. – Куршаб айылындагы орто мектепти бүтүргөн.

1983-1985ж.ж. – Советтик Армиянын катарында Германияда кызмат кылган.

1985-1987ж.ж. – Ош областынын Өзгөн районунун «Кайнар» совхозунда «Шумкар» комсомолдук курулуш бригадасын жетектеген.

1987-1992ж.ж. – Тверь шаарындагы Тверь Мамлекеттик университетинин студенти. Адистиги – тарыхчы, тарых жана коом таануу окутуучусу.

1999-ж. – Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.

1992ж. – Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын «Түрк ааламы» гезитинин башкы редактору.

1992-1995ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик телерадио агенттигинин башкы редакторунун орун басары, андан кийин башкы редактору болуп эмгектенген.

1995-2000 ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу палатасынын биринчи чакырылыштагы депутаты. Социалдык саясат, элди иш менен камсыз кылуу жана массалык маалымат каражаттары комитетинин төрагасы.

2000-2005ж.ж. –Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын экинчи чакырылыштагы депутаты. Эмгек, социалдык саясат жана ардагерлер комитетинин төрагасы.

2005-2006ж.ж. – Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылыштагы депутаты.

2006ж. – Кыргыз Республикасынын вице премьер-министри.

2006-2007ж.ж. – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы.

2007-2008ж.ж. – Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин төртүнчү чакырылыштагы депутаты. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы.

2008-2009ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы.

2006-ж. – «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

  1. Шухрат мындай дейт:

    У вас какие позиции на выборах?

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почта дареги жарыяланбайт.