“Бүтүн Кыргызстан” партиясы талапкерлер тизмесин бекитти

1 4,685

19-августа Бишкекте “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын 13чү кезексиз курултайы болуп өттү. Анда төрт маселе каралды:

1)Партиянын саясий кеңешинин жаңы курамын бекитүү;

2) Партиянын жаңыланган программасын кабыл алуу;

3) “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесин бекитүү;

4) Партиянын шайлоо программасын бекитүү.

Курултайда каралган бардык маселелер боюнча чечим кабыл алынды. 120 талапкердин тизмеси бекитилди. “Бүтүн Кыргызстан” партиясын 4-октябрда боло турган шайлоого партиянын лидери Адахан Мадумаров баштап барат. Алдыңкы катарда ошондой эле белгилүү инсандар Темир Сариев, Исхак Масалиев, Ишенбай Кадырбеков, Зиядин Жамалдинов, Самат Ибраев, генералдар Өмүрбек Суваналиев, Курсан Асанов, илимдин докторлору Айнагүл Кожогулова, Венера Акматова,  партия активисти Айгүл Сатарова бар.

  1. Юсуп мындай дейт:

    Саламатсыздарбы? Бутун Кыргызстан партиясы. Силерди агитация башталганга чейин эле чарчатып коюшту. Канфуцийден сураган экен. “Кудай менен кантип сулошобуз?”- деп. Канфуций айтат. “Биз бири-бирибиз менен суйлошконду билбейбиз, кудай менен кантип суйлошмок элек”. Деген экен. Провокацияга алдырбаныздар. Элмирбек, Чубак ажы болгондо силерди колдомок деп ойлойм. Ишинерге ийгилик.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почта дареги жарыяланбайт.