Адахан Мадумаровдун куттуктоосу

0 1,990

Урматтуу айымдар!

Жаз менен бирге жылуулукту, сулуулукту, аруулуукту,тазалыкты алып келген 8-март Эл аралык майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.
Сиздердин аруу тилегиниздерди, мээрман пейилиниздерди ай-күнгө салыштырсак да аздык кылар. Анткени, ар бир үйгө сиздер чачкан мээрим күн жылуулугун, түн сулуулугун, дүйнө тынчтыгын тартуулап турарын билебиз. Караңгыны жарык кылар, жокту бар кылар касиет бир гана аялзатына байланыштуу. Демек, сиздер менен дүйнө тең салмактуулугун сактап турат. Андыктан, сиздер аркылуу тийген күн, нурун чачкан ай өмүргө көрк берип турат. Аруу дүйнөгө амандык шооласын чачып бар болунуздар.

Сиздерди терең урматтап, Бүтүн Кыргызстан саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почта дареги жарыяланбайт.