А. Мадумаров 55 жашта куттуктоолор

0 1,483

Акыл Айтбаев
экономика илимдеринин кандидаты

Кутман курак 55-жашка толгон Мадумаров Адаханга
жалаң гана «А» тамгасынан башталган сөздөрдөн
КУТТУКТОО !!!
Адахан – абийирдүүлүктүн, ариеттүүлүктүн агитатору. Аксакалдарды, ардагерлерди, аталарды – апаларды, агартуучуларды аздектейт. Акчага, амалга, аялга, аракка, азгырыктарга алданып ажыдаарга айланбаган, адал-арамды анык ажырата алган, акыйкаттын, адилеттүүлүктүн алдында ажалдан айбыкпаган, айтканын айткандай аткарган азамат. Алсыздардын активдүү, абройлуу адвокаты.
Адахан ажолордун, акимдердин, анткор аткаминерлердин абийирсиздигин айдан-ачык ашкерелеп, айгинелегеп, адепсиз аракеттерин айыптаган, аба агымындай адашкандарды, айдамаларга айлангандарды, акчага, аракка, азгырыктарга алдангандарды аяган, аларды акылдуунун – акылсыздын, адамдын – айбандын айырмасын ачуу айтып, ардантып, айыктыруучу, алтынга алмаштыргыс, адеми адис.
Аңгемелешүүнүн ажарын аргументтер аркылуу ачкан Адахандын абалтадан алдын алып айткандары азыр акыйкатка айланып, актуалдуулугу ансайын артты, азайбады.
Албетте Адаханга амандык! Арыбасын, алдатпасын, адашпасын, алсын-алдырбасын, алдындагы ашуулардан ашсын! Ардагерлер, аксакалдар, аталар-апалар асыл алкоолорун айтышсын, Аллахым алкасын!
Арадан айлар агылып Адахан атаандаштарын аңтара алган алдуулардын алдуусу, акылдуулардын акылдуусу, атактуулардын атактуусу, аталар-апалардын айткандарын айткандай аткарган адилеттүү Ажо аталсын!


Турдубаев Калмамат.
Мырза-Аке айылы,
09.03.2020ж
КУТМАН КУРАК КУТ БОЛСУН!
МИҢ ЖЫЛДА КЕЛЧҮҮ-КЕМЕНГЕР!
(Адахан Кимсанбаевич Мадумаровдун 55 жылдыгына)
Карасаң: жылдар өтүп кылымдан,
алыстап барам ырымдан,
кеменгерим турганда,
тайсалдап калам чынымдан!
Күлмүңдөп таңдын атканын,
ыймандын алыс качканын.
Өтүп жатса кыйын кез,
Жараткандын тапканын!
Жегендер талап жеп келди,
баамдап билчүү кез келди.
Табият онтоп жатканда,
чындыкты уулуң деп келди.
Ашуу-белди басыптыр,
Элүүдөн уулуң ашыптыр.
Жаратканга шүгүр деп,
Калмакең дагы жашаптыр!
Кут болсун кутман курагың,
кызматты кылаар убагың!
Кеменгерим! Эл уулу,
куттуу болсун турагың!
Ашсаң да сансыз ашуу бел,
Миң жылда келчүү-кеменгер!
Мекениң күткөн кылымдап,
кутмандуу биздин ушул жер!
Сапарлар болсо баягы,
көрүнбөйт жолдун аягы.
Жоголуп кеткен сыяктуу
жол башчынын таягы!
Маңдайдан чыгаар эпсиз тер,
Данкодой жолду баштап бер!
Бааласак Горький авамды,
Кыргызстаным асыл жер!
Элүүдөн ашкан убагың,
толукшуп турган курагың!
Кут болсун сенин бул күнүң,
ташкындап агып булагың!
Элим деп кезип нечен жер,
миң жылда келчүү-кеменгер!
Жараткандан бир келген,
уулуңа элим бата бер!

Эшмамат Жалилов
 Эр жигитке эллүү беш жаш КУТ курак,
Жаратканым жашты берсин дагы улап.
Кайраттангын эл үмүтүн үздүрбөй,
Кыргыз эли колдоп сени бүт турат.
Күздө болчу шайлоо деген жарышта 
Белге чапчы жемкорлорду катуурак. 
Эшмамат.

Абдилахат Курбанов – саясат таануучу.Сокулук району.

Урматтуу Адахан Кимсанбаевич!Сизди улуу күнүңүз менен куттуктайм! Мен сизди 28 жылдан бери тааныйм.Албетте экөөбуз учурашкан да эмеспиз.Бирок өткөн легендарлуу парламентте депутаттардын арасынан жалындап чыккан элеңиз ошо кезден бери билем.

Мындай айтканда улуу күнүңүздү урматтап айта турган сөзгө кезек келип туру.Ошол ЖКнын трибунасы жарашкан депутат элеңиз.Түз сүйлөгөн ар бир мезгилдин катасын өз учурунда бетке анан түз айткан инсан экениңизден жазбай келатасыз.Сизди туулган күнүңүз менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Дагы

Эки жолу тең Жогорку Кеңешке партияңыз катышып, бийликтин бут тоскон кесепетинен өтпөй калдыныз.Ошондой абалда калып да сынбадыныз ырахмат кайрат акылынызга.
Сиз нукура патриотсуз.Мекенчил патриотсуз.Россиядагы жолугушууларыңыздан кабардармын. Мен россиядагы саясат таануу институтун да бүтүргөм. Мыкты саясатчысыз.

Дагы дей турган сөздөр көп менде. Адахан иним кыргыздын канжыгасына башын байлаган жалгыз өзуңсүн. Үмүтүм бар бир өзгөрүүнү өзүн гана жасайсың го деген. Эл ишеничи өзүң менен келет. Мен ушинтип түшүнөм. Узун өмүр. Чын ден соолук берсин кудай Кудайдын укуругу узун. Кудай колдосун!



Касиет Ураимова

Урматтуу,Адахан Кимсанбаевич,55 жаш кутман курагыныз кут болсун!!!
Алла Таалам сизге узун омур,бекем ден-соолук,уй-булолук бакыт берсин,келечектен копту умуттондургон жакшы тилек,изги ой-максаттарыбыз сиз менен,андыктан тар жол,тайгак кечуудо тайгаланбай,мудурулбой,акылынызга акыл,кайратынызга кайрат кошулсун,элинизге жаркын келечек тартуулайм деген курошунуздо душмандарыныз доско айлансын,зоболонуз Ала-Тоодой бийик болсун,жолунуз байсалдуу болсун,Аллахым озу колдосун!!!


Жыргал Абдрасулов

Урматтуу Адахан ага туулган кунунуз менен куттуктаймын. Эн биринчи АЛЛАХКА чексиз шугурлор болсун. Ата Апанызга АЛЛАХЫМ ыраазы болгон болсун. Ден соолук узун омур кажыбас кайрат уй булонузго тынч амандык болуп Кыргызстан элинин сыймыгы болунуз ин ша АЛЛАХ президент болунуз дайыма бар болунуз.


Ж.Темирбаева КРнын маданиятына эмгек синирген ишмер.

Урматтуу Адахан Кимсанбаевич! Сизди туулган кунунуз 9-мартты урматтуу кун катары улуктап, алыстан алыстан Сизге куттуктоо жолдоп отурабыз.

Биринчиден Сиздей уулду берген туулган жеринизге,элинизге жана ата-эненизге таазим кылабыз. Сиздей уулу бар кыргыз элинин – келечек жакшылыктан уучу кур эмес деп тооба кылабыз.

Сиздин журогунуздун ар бир кагуусу улуттун, элдин жердин бутундугу учун деп согуп жатканын созунуздон, деминизден сезилип турат.

Азыр мамлекетибиздин тагдыры ала салды болуп турат.Элибиз чачырап жан багуу калканычын баш паанек кылып калды. Ата мекенинен алыста журуп чоноюп жатышкан келечек ээлери кыргызстаныбыздын кыргызы боло алат бекен деген омур отмуштор мекенибизден алыстап кеткендердин мендиргесин тайдырып бара . Ишенесизби Сизди кадимкидей маалымат тардан издейбиз. Кадимкидей эс алып, дем куч алып калабыз.Анткени созунуз бутун.оюнуз бутун анан дагы алган багытыныз бар.Акылы бар, кудай тааныган биздин бир уулубуз бар ал АДАХАН дейбиз.Кудай узак омур берсин!Кажыбаган, чарчабаган, чаалыкпаган кайрат берсин Жараткан дейбиз. Эл тагдыры учун курошо алган сезиминиз мокобосун ылайым.

Адахан мырза элди кыдырганды узгултукко учуратпаныз. Сиз менен эл жолугушкандан тажабайт.кундо болсо кунуго жолугушкубуз келет.Россиянын туш тарабынан кутобуз.Сизди сагынгандар, салам жолдогондор сиздин мекендештериниз.

Урматтуу Адахан мырза! Сонун мезгилде торолгон экенсин да.Анда а дегенде кош майрамды апана тартуулаган экенсин да апан Саламат энени куттуктайын. Элине кылган энемин дегендин жакшылык акыбети сендей уулду кыргыз элине бергени дейт элем.

Адахан мырза! Эне сыйлаган озундойлор аз.Сендей балагв эне болуу бактысын Саламат эне билди бекен ээ. Мына бакыт деген ушу.Бактылуу болуу эне даамын ар бир эле энемин дегендин тандайына жаза бербейт го бу апалар ааламында.

Бир таанымал Академиктин жубайы айтып атпайбы.Адахандай уулум болсо арманым жок эле деп.Ар бир эне учун оз баласынан артык жан жок го. Ошонусуна карабай болок экенине карабай сага энелик мээримин тогуп жатпайбы.Корсо Саламат эне сен учун табылгыс болгону менен сени коп эне тороптур да.Сен элдин уулусун демекчимин.Коп энелер толготуп, Саламат эненин кокурогуно салып беришкен го.Акыйкаттын ааламынан ; чындыктын туундусунан туулган баласын! Аман болчу ай алдейлеген бала Адахан!Кулуп журчу кун суйгон бала Адахан!

Мынткенимдин себеби Адаханды жарвткандын элге журттун келечеги учун башын сайган жапажалгыз озунсун ушу тапта.Бакубаттуу мамлекеттин элин бактылуу кылам деп кара жанды карч урган озунсун.Сендей сакадай бою бар, омурун элинин эртенкиси учун сайып койгон саясатчынын жаратылышын,табигат тын таберигин изилдеш керек деп келем.Туулган кунун менен куттуктаган турмоктордо ушундай ой келди мага.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почта дареги жарыяланбайт.