23-апрель митинг тууралуу Адахан Мадумаровдун пикири

0 7,654
https://youtu.be/92472fZn2_s

Мен айтым эле эгерде Жээнбеков чыныгы элдик президент болом десе , а бул элдик элдик президент боло албайт себеп эл тарабынан шайланган эмес. Эл тарабынан шайланган президент кечеки Украинадагыдай болот.

Келгенде эле жарыя кылыш керек эле, мунапыс жарыялаш керек эле . Өзбекстандын президенти Мирзиёев келгенде мунапыс  жарыялап азыр так саны эсимде жок .  бир жарым миңдей кишиге мунапыс  жасаган, бир жарым миңдей кишиге. А бул киши келип түрмөнү дагы менчиктештиргендей мен айткан киши чыгат мен айтпаган чыкпайт деп олтуруп алгандыгы бул текеберлик , а мызамдуубу , мыйзамсызбы аны териштирип акырын чыгарып коюп , мамлеекеттик коммоссия түзүп караштырса боло бермек.  Бирок мунапыстык жарыялаш  бул кыргыз канында бар нерсе, бул жоомарттык деп коёт.  А бирок жоомарт болуш үчүн киши айкөл болушу керек да , киши бийик  болушу керек. Ага деңээли жетпегенден кийин маселен жарышка мыкты күлүктөрдүн арасына бир качырды салып коюп , качырдан аны талап кыла албайсында ошолор менен жарыш деп . Ошол сыяктуу эле көрүнүш болуп калатко.

жарышка мыкты күлүктөрдүн арасына бир качырды салып коюп , качырдан аны талап кыла албайсында ошолор менен жарыш деп

түзүп караштырса боло бермек.  Бирок мунапыстык жарыялаш  бул кыргыз канында бар нерсе, бул жоомарттык деп коёт.  А бирок жоомарт болуш үчүн киши айкөл болушу керек да , киши бийик  болушу керек. Ага деңээли жетпегенден кийин маселен жарышка мыкты күлүктөрдүн арасына бир качырды салып коюп , качырдан аны талап кыла албайсында ошолор менен жарыш деп . Ошол сыяктуу эле көрүнүш болуп калатко.

Менин аркамдан аябай тон бычкандар көп да, мен негизи ошол түзулгөн митингктерге башкаларга көп куштар эмесмин. Биз жарыялайбыз эгерде бүтүндөй улуттук , жалпы мамлекеттик  кызыкчылыктагы иш чаралар болгон болсо бирөсүнөн дагы калбайбыз. Биздин ушул “Бүтүн Кыргызстан” партиясы болобу, “МЕН МАКУЛ  ЭМЕСМИН”  деген элдик кыймыл  болобу мамлекеттик маштабтагы маселелерди  биз эчкимисин көз жазымга калтырбайбыз.  Тилекке каршы, кээбир саясий партиялар ошол улуттук маселеге тийиштүү болгон жерге көп басып барышпайт . Мен алардын коюшкан татаптарын 100 пайыз колдоо менен бирге, жанагы митингтерде андай мындайларда биздин жаштарыбыз бар, биздин баякы “Мен макул эмесмин” кыймылынын башка бир, ар кандай багытта иштеген азаматтарыбыз бар алар катыша турган болсо эч кандай каршылыгыбыз жок . Мен ал жерге расмий чакырылган дагы жокмун. Айтамго Кыргызстанда шайлоо болуп жаткан учурда дагы жыйнап келип чай берип жыйнабайм, кайсыл район, айыл жыйналса, чакырса , мен ошол жерге барам деп. Ошондуктан эртеңки жыйын боюнча мен сиздерден берген маалыматыңыздардан алып олтурам , массалык маалымат  каражатттарынан. Баланча миң жыйнайбыз түгүнчө миң жыйнайбыз, деп эле билдирүүлөр таратып жатат, буйруса көрөбүз

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почта дареги жарыяланбайт.