«Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын Саясий кеңешинин кайрылуусу

0 2,099

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын Саясий кеңеши Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун партиянын төрагасы Адахан Мадумаровдун дарегине айтылган негизсиз, кемсинткен, жалаа жабуу жана каралоочу билдирүүлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарына кайрылууга аргасыз. Тактап айтканда, интервьюсунда аны “кылмышкер, чыккынчы” деп атаган ( www.vb.kg редакциясы 17.01.2022-ж. “…Ал жерди берип коюу – бул кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык. Чыккынчылык кылдыңбы? Жооп бер!…”). Мамлекеттин биринчи адамынын бул билдирүүсү Адахан Мадумаровдун КР жараны катары, КР Жогорку Кеңешинин депутаты жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери катары укуктарын одоно түрдө бузууда.

Кошумчалай кетсек, КР Президенти С. Жапаров өз сөзүндө укук коргоо органдарына так тапшырма берди – (www.vb.kg редакциясында 17.01.2022ж. “Эгер тергөөгө албай койсо жашырганы үчүн өздөрү жооп беришет…”)

Ошону менен бирге , КР Президенти С. Жапаров мамлекеттик айыптоочу жана судья катары да сүйлөгөн.

КР Президентинин мындай билдирүүлөрү жана көрсөтмөлөрү мамлекетибизге жана элибизге чоң зыян алып келип, анын бүтүндүгүнө жана туруктуулугуна шек келтирет.

Урматтуу Кыргызстандыктар! Биз сиздерге бул документтин көчүрмөсүн карап чыгууңуздар үчүн беребиз. Бул документ чек арадагы кырдаал курчуп кеткен учурда бөгөт коюучу фактор болгон жана ошол мезгилде аймактагы чыңалууну басаңдатууга багытталган максаттагы Протокол болуп саналат.

Бул Протокол сунуштоочу мүнөзгө ээ, ага байланыштуу керек болсо ал Жогорку Кеңешке ратификацияга да жөнөтүлгөн эмес. Протоколдо: “маселени кароо жана чечим кабыл алуу тиешелүү мамлекеттин жана ар бир мамлекеттин өкмөттөр аралык комиссиялары жана алардын сунушталган кызматтары менен ар бир мамлекеттин иштеп жаткан мыйзамдарына ылайык ишке ашырылышы керек” деп так жазылган. Протоколдун 2-пунктунда так жазылган (белгиленген тартипте маселени чечүү: – Кыргыз тарапка Исфара дарыясынын жайылмасындагы жолдун 275 метр бөлүгүн символикалык төлөм менен 49 жылдык мөөнөткө ижарага берүү жөнүндө). Жер тилкесин түз берүү боюнча эч кандай көрсөтмө жок. Ал эми бул документти чечмелеп, бурмалоого эч кимдин укугу жок.

Бул менен, КР Президенти С. Жапаров бизди, Кыргызстандын элин адаштырып жатат.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын Саясий кеңеши Кыргыз Республикасынын элине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарына кайрылуу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясын кынтыксыз жана так сактоого чакырат.

Ал эми соттун чечимисиз, эч ким күнөөлүү деп табылууга укугу жок. Ал эми партиянын лидери жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына гана эмес, Кыргыз Республикасынын жарандарына карата кемсинткен, ырасталбаган ар кандай сөздөрдөн алыс болуу керек. Адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин кепилдеген Кыргыз Республикасынын Конституциясында, одоно бузууга эч кимге укук берилген эмес (КР Конституциясынын VI главасы).

Кыргыз Республикасынын ар бир жараны ушундай жагдайга туш болуп калышы мүмкүн.

Биз Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык активдүү саясий партияларды Кыргызстандын жарандарынын Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген укуктары менен эркиндиктерин чыңдоого жана коргоого чакырабыз!

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын Саясий кеңеши

2009-жылдын 3-мартындагы протоколдун тиркемесинин көчүрмөсү

Комментарийлер жабык

Сиздин электрондук почта дарегиңиз жарыяланбайт.