“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаровдун “Супер-Инфо” гезитине берген маеги.

760

Бул кишини мактап, мүнөздөмө бериштин эч зарылдыгы жок… Себеп, андайга муктаж адам эмес. Айтарым бирөө гана – маңыздуу, ачык, жакшы маек болду.

– Адахан мырза, 28-ноябрда парламенттик шайлоо өттү, жыйынтыгы бүгүн-эртең расмий жарыяланат деп турган учур. Бир тарап “салыштырмалуу таза өттү” десе, экинчи тарап буга макул эмес. Ушул тапта “Бүтүн Кыргызстандын” позициясы кандай?
– Кыргызда “үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?” деген керемет макал бар. Бул бийликтин үйрөнгөн адаты калчудай эмес. Кайсы бийлик келбесин, өзүнөн мурункулардын каталарын жасайт. Канчалык деңгээлде жасайт, бул башка маселе. Мен шайлоо өткөн түнү түз эфирде сүйлөп,“мына, азыр БШКда сайт өчтү, азыр химия башталат, балакеттин баары ушундан кийин болот” деп айттым эле. Айткандай эле өчүп күйгөндөн кийинки сандар такыр башка. БШК муну “биз башка формула киргизип алыптырбыз” деп түшүндүрдү. Демек, альтернативдүү башка формула бар экен да? Ушунун өзү абдан чоң күмөн жаратат. Бул бир жагы. Экинчиден, биз баарыбыз ушул өлкөдө жашайбыз. Бири-бирибизден бирдеме жашыра албайбыз. Кыргыздар бүгүн жашырсак да, эртең бир тойдо сөзсүз айтып коёбуз. Бийлик түздөн-түз кийлигишкен жок дегени менен, көмүскөдө аябай катуу кийлигишти. Өлкө башчысымын деп отурган жигиттин үгүт учурунда сүйлөгөн сөзү түздөн-түз кийлигишүү. Өзүнө ыңгайсыз оппоненттер жөнүндө сөз айтуу – бул “кайсы жигиттер мага жагат, кимдер жакпайт” деген ишарат да.
“Бүтүн Кыргызстан” партиясы бардык шайлоолордо өз пикирин так билдирип келген. Ары-бери секирип, оюн кылбайт. Алешемдиктер болдубу, болду. Мыйзамсыздыктар болдубу, болду. Биз “шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарабыз” деп отуруп алган болсок мындан аркысы кандай болот эле? Мына, ушул жылы Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайталап 2 жолудан шайлоо өткөрдү. Шайлоону туура эмес өткөрдү деп шайлоо комиссияларынан, ошол жагдайга түздөн-түз тиешеси бар саясий партиялардан бирөө жооп бердиби? Жок. Саясий да, укуктук да баа берилген жок. Ушундан улам “бийлик чындыкты орнотууга кызыкдар эмес” деген ой жаралат.

Демек, шайлоо жыйынтыгын тааныйсыз?
– “Бүтүн Кыргызстан” канчалык зыян тартканына карабай, макул дедик. Ушунчалык болдубу, анда күрөштү мыйзамдуу жерге барып туруп улантабыз.

– “Бүтүн Кыргызстандын” парламенттеги ишмердүүлүгүн кандай элестетип жатасыз? Көп эмессиңер, 6 мандат. Жакса, жакпаса да калган 84 депутат менен эсептешүү керек…
– Биздин позиция кылдай кыйшайбайт. Кеп биздин саныбызда эмес, позициябызда. Калган 84ү кайсы тарап болот, ал бизди кызыктырбайт. Биздин партиянын программасы, карманган позициясы бар, жагабызбы, жакпайбызбы, ошону менен кылдай кыйшайбай кетебиз. Биз Жараткандын, анан касиеттүү калдайган элибиздин алдында гана жоопкербиз. Башка эч кимдин алдында жоопкер эмеспиз. Сөзсүз түрдө баягы мамлекеттик ЖМКлардан биздин үнүбүз чыкпайт. Бирок сиздер сыяктуу көз карандысыз маалымат каражаттары, социалдык тармак аркылуу өз позициябызды элге жеткирип турабыз.

– Коомчулукта Жогорку Кеңешке  төрага болушу керек деп сиздин да атыңыз аталууда. Бул канчалык реалдуу? Ошондой мүмкүнчүлүк жаралып калса баш тартпайсызбы?
– Ишенесизби, мен бул жөнүндө таптакыр ойлонуп көргөн жокмун. Ооба, сурамжылоолордо көпчүлүк Мадумаров деп жатыптыр, инсан катары бул жагымдуу. А саясатчы катары мени бул маселе кызыктырбайт. Кээ бир жигиттердин да аттары аталып жатыптыр, баш чайкайсың… Жалпы мамлекеттик жоопкерчилик дегенди сезиш керек да. Тилекке каршы, соңку жылдары Жогорку Кеңеш төрагалыгынын дагы, депутат, өкмөт башчы, президенттиктин дагы деңгээлин ушунчалык төмөн түшүрүп жиберишти. Бул биздин элге сезилбегени менен, чет өлкө, коңшулар менен мамиле түзүүдө аябай байкалып калууда. Мыйыгынан күлүп жатышат. Бизди жарым жан, келечекке умтула албай турган, алсыз эл катары сүрөттөп келе жатышат, бул өтө өкүнүчтүү. Ким болсо ошол болсун, Жогорку Кеңештин төрагалыгына өңү да, сөзү да, баскан-турганы да көркөм, башкаларга үлгү болорлук, улут суктанар азаматтар келсе деп тилейм. Бул эми жаңы шайланып келген депутаттардан көз каранды. Эгер парламентке кайда айдаса ошол жакка кете бере тургандар келип кала турган болсо, анда карганы шумкар, качырды тулпар болот деп үмүттөнүүнүн кажети жок.

– Парламентке кимдер барары белгилүү болуп калды да… Курам купулуңузга канчалык толду? 7-чакырылыш 6-чакырылыштан айырмаланчудайбы?
– Менимче, Жогорку Кеңештин чыныгы милдети эмне экенин билгендер азыраак. Тилекке каршы, ушундай. Бул элдин тандоосубу, же кээ бир жигиттердин тандоосубу, ал башка маселе. Күчтүү азаматтар келсе Жогорку Кеңештин көркү болмок. Сабаттуулук, сапаттуулук, тажрыйбалуулук. Жогорку Кеңештин депутаты дегенде ушул 3 нерсе бири-бирине шайкеш келип турушу зарыл. Эгер турмуштан тажрыйбаң болбосо, мыйзамды кантип жазасың? Жогорку жактын айтканын кылып отура бересиң да. Тажрыйбалуу депутат Исхак Масалиев “парламентте 4 жарым жыл чогуу отуруп 120 депутаттын ашып барса 40ын тааныйм, калганын тааныбайм” деп айтты. 4 жарым жыл бир залда отуруп депутаттардын үчтөн экисин тааныбайм деген эмне дегендик?

– Тажрыйба демекчи, сиздер деле бир кезде Жогорку Кеңешке жаш, тажрыйбасыз бойдон келгенсиздер да…
– “Бүтүн Кыргызстандын” программасы – 1 устатка 3 шакирт. Азыр устат болчулар жок болуп жатпайбы. Парламентте күчтүү атаандаштарды каалайт элем. Нукура саясий дебаттар, көз караштардын кагылышы жүрсө дейт элем. Текебаев мага жагабы-жакпайбы, Ишенбай Кадырбеков же Кубатбек Байболов жагабы-жакпайбы, баары бир. Мисалы, Байболов менен Кылмыш-жаза кодекси, Конституциялык түзүлүш боюнча талашып-тартышсаң кумарың канат. Мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш боюнча Текебаев, Исхак Масалиев же Мыктыбек Абдылдаев менен дебатка чык, моокумуң канат. Ушундай адамдар менен айтышуу да, кызматташуу да, каршылашуу да кызык. Каршылашың канчалык күчтүү болсо, ошончолук курчуйсуң. Тең-теңи менен болгону жакшы. Мисалы, Болот Шамшиев менен Төлөмүш Океев атаандашса сонун көрүнмөк. Сүймөнкул Чокморов менен Болот Бейшеналиев же Тууганбай Абдиев менен Эстебес Турсуналиев, эмне деген керемет. Элестетиңиз, Эстеке менен бүгүн жаңыдан чыгып жаткан жаш акынды айтышка салса эмне болот?

– Эстекенин бугу чыкпай калса керек эле…
– Сөзсүз да. Эстекең ачылбайт дагы, көкүрөгү иренжийт дагы. Ошондуктан тулпарлар дагы теңи менен жарышкысы келет. Анан “атан төө мас болсо, тайлак менен дос болот” деп азыркы заманда турмуштук тажрыйбасы жок, бир күн да мамлекеттик кызматта иштебеген кишилер менен айтышып отуруштун өзү көңүлдү иренжитет. Айтсаң же түшүнбөсө, же түшүнгөн кишинин айтканын жасабаса, теңирден тескери жолго басып баратса иренжийсиң да.

– Идеологиялык күрөш… Мисалы, парламенттик башкаруунун күчтүү тарапташы Текебаев парламентке өтсө стратегия ачыгыраак болмок. Сиз президенттик башкаруунун тарапташы катары өз миссияңызды эмнеден көрүп турасыз?
– Туура айтасыз, мен президенттик башкарууну жактырган кишимин. Бул позицияда бекем туруп келе жатабыз. Айрымдарга окшоп бүгүн президенттик, эртең парламенттик деп секирген жерибиз жок. Президенттик башкаруу дегендин өзүндө көзөмөл жана жоопкерчилик системи күчтүү болот. А көзөмөл кылып, жоопкерчиликти карай турган – бул эл, анан элдин атынан шайланган Жогорку Кеңеш. Эгер Жогорку Кеңеши дагы, өкмөтү дагы, президенти дагы “бир атанын, бир эненин балдары” болсо, ашмалтайдын баары ошондо башталат. Президентке аябай мүмкүнчүлүктү беришибиз керек, бирок ошол эле учурда жоопкерчилигин катуу караш керек. Эгерде көзөмөлгө алууга жөндөмдүү жигит-кыздар келген болсо, анда Жогорку Кеңеш Конституцияда көрсөтүлгөн милдетин так аткарат. Эгер жалаң “куп болот” дегендер келип калса, өз укуктарын өздөрү билбей отурса, анда элдин шору.

– Татыктуу эместерди шайлап алган күндө да эл Жогорку Кеңештин сапаттуу болушун каалайт…
– Карасаңыз, шайлоонун алдында пайда боло калган аты-жыты жок партиялар… Төрагасы ким десе жөнөкөй эл эмес, саясаттын казанында кайнап жаткан мен билбейм. Анан эл аларды тааныбай туруп кантип шайлады, мен түк түшүнбөйм.

– Эл арасында популярдуу болгон талапкерлери сүйрөп кетти деп айтылып жатат…
– Популярдуулук башка, Жогорку Кеңештин иши такыр башка… Мен канча какшадым, тандоону үйрөнө албай койдук го. Жогорку Кеңеш күрөшө турган жер эмес, улак чаба турган жер эмес, топ ойноп же мушташа турган да жер эмес. Парламент – акылдын таймашы жүрө турган жер. Демократиянын чоң атасы деген Американы, чоң энеси деген Англияны, таенеси деген Германияны караңыз. 70, 80, 90 жаштагы сенатор, конгрессмен, депутаттар отурушат. Эмнеге? Анткени дасыккан адамдар. Уктап жатып да өлкөдөгү абалды жатка билишет. Бизде өз өмүр баянын жаза албагандар келип калып жатпайбы, алар кайдан мыйзам жазып жарытат? Элге айтарым, тандоого келгенде кайдыгер болбочу, айланайын, үйүңдө жатпачы. Шайлоого катыш, аягына чейин күрөш, ошол аракетиңден майнап чыкпай койсо анан таарынбайсыңбы. Аракет жасабай жатып эле таарына бересиңби? Анан шайлоодон кийин “баягылар эле келип калышты”  дешет. Туура, сен барбасаң ушинтип баягылар келишет.

– Саясат, экономикадан кол бошобой, улутту тарбиялоо деген улуу иш көңүл сыртында калып бараткан жокпу? Ааламдашуу, дүйнөлүк агым деп кете беребизби же…
– Сизге маек берерге чейин Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаков экөөбүз 4 саат баарлаштык. Так ушул сиз айткан маселенин тегерегинде сүйлөштүк. 4 саат 4 мүнөттөй өтүп кетти, темабыздын чети да оюлган жок. Улут качан улут болот? Эмне үчүн касиеттүү эл майдаланып баратат? Бүгүн 2 жигиттин
“келиштик” деп бири-бирине берген колу кол болбой калды. Кыргыз кошунасына карыз бербей калды. Заман жакшы, болгону пейил тарып кетти. Биз бала кезде үйгө күтүүсүз конок келип калса атам “балам, тигиникине барып козу сурап келе кал, союшка жарай турган бир козусун берсин, күздө мал жайлоодон түшкөндө берет экен деди деп айт”  деп жөнөтөт эле. Ал киши да короосуна кирип “бул жарабайт го”  деп тандап, жакшысын кармап берчү. “Коногуна уят болуп калбаса экен” деп, өзүнүн коногун тосуп жаткансып ичтен кыжалат болот эле. Күздө башка козу алпарып берчүмүн. “Менин козум куйруктуу эле, жүнү кыркыла элек болчу”  деген сөздү укчу эмесмин. “Алып келдиңби, короодогу койлорго кошуп кой” дечү.
Эмне деген касиет, эмне деген адамгерчилик. Кайтарып берген козу да алган козудан артык болсо болор, кем болчу эмес. Атамдын  “балам, ичинде бирдеме калбасын” деген жакшы сөзү бар эле. Бул – айтпаса дагы, ичинде “каап, ушинтип койсо болот эле да”  деген ой калбасын дегени экен. Апамдын пальтосун “кудачылыкка же кыз кууп баратам” деп сурап кийип кетишчү. Тойдон кешик алып келсе, “биздин үйдө да той болсун”
деп баарыбызга ооз тийгизет эле. “Эти бышпай калыптыр”, “карт мал союптур” деген сөздү дегеле укчу эмеспиз. Бул кыргыз кайда кетти? Ушуну айтсаң бүгүн “кыйынсыбачы”, “акылдуу боло бербечи”, “эскини эңсеп калдыңбы?” деп тепкилешет. Мээ кургап баратат. Баары экономика, акча, инвестиция, банк, кредит дешет. Бирөө да адамдын ички жан дүйнөсү, адамдык касиети, билим деңгээли, сабаттуулугу, маданияттуулугу, кишичилиги, ыймандуулугу, тартиптүүлүгү дебей калды. Өкүнүчтүү…

Автандил  Добулбеков

Комментарийлер жабык.